Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26 марты №4/7
Корул айылдык Кеңешинен аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү боюнча
Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы 1-Май айылынын тургундары 20-апрелге чейин, Тогуз-Булак айылынын тургундары 1-майга чейин, Кен-Жылга айылынын тургундары 10-майга чейин жайлоого көчүрүлсүн.
2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү, ошону менен бирге алыскы Демей жайлоосун пайдалануу, айылдарда пада уюштуруп, Демей жайлоосуна көчүрүү жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы М.Арзиевге, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы У.Абдразаковго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы К.Умаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жүктөлсүн.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |