Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 3/3
Алай районунун жалпы элдик жыйынынын «Алай районунда каада-салтты, ашыкча ыгым чыгымды тартипке келтирүү боюнча» токтомун жактыруу жөнүндө
Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун элинин жалпы элдик жыйындын кайрылуусу жактырылсын.
2. Ушул кайрылууну айыл өкмөтүнүн аймагында жайылтуу жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, мекеме-уюмдарынын жетекчилерине, аксакалдар сотунун курамына, аялдар кеңешинин курамына, жаштар комитетинин курамына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |