Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 4/2
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджетин, 2014-2015-жылдардагы бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын киреше 37727,3 миң сом жана чыгаша 37438,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети киреше жана чыгаша булактары бөлүктөрүнө 29710,8 миң сомго, тендоочу грантка 4902,9 миң сом, өздүк киреше 1134,8 миң сомго жалпы 35748,5 миң сомго бекитилсин.
3. 2014-жылга бюджеттин долбоору 35760,0 миң сом, анын ичинен максаттуу грант 29710,8 миң сом, тендоочу грант 4914,4 миң сом ,өздүк киреше 1134,8 миң сом 2015-жылга бюджеттин долбооруна 35760,0 миң сом, максаттуу грант 29710,8 миң сом, тендоочу грант 4897,0 миң сом, өздүк киреше 1153,0 миң сом жактырылсын.
4. Үч-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептер жана мектептерге бюджетке каралган акча каражаттары статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Отчет, учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине, мектеп директорлоруна, чарбалык иштер боюнча орун басарларына тапшырылсын.
6. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн кирешелерге план боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана статьядан статьяга жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде Үч-Төбө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына укук берилсин жана бюджеттик комиссиясынын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.
7. Ата-Энелер төлөмү Кичи-Каракол балдар бакчасына 200 (эки жүз) «Медина – Нуру» балдар бакчасына 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
8. Каралган бюджеттик смета боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Арыковго тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |