Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 4/4
2013-жыл Алай районунун аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө 2013-жылдын 13-февралындагы Алай районунун жалпы элдик жыйынынын № 01 токтомунун негизинде
Алай районунун аймагында Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча Алай элине кайрылууну карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2013-жыл Алай районунунда Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, урп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жылы» боюнча Алай элине кайрылуу жактырылсын. (Кайрылуу тиркелет).
2. Алай элине кайрылууда көрсөтүлгөн иш чараларды жетекчиликке алуу жана анын аткарылышына жетишүү, айылдык Кеңешинин бардык депутаттарына менчигинин түрүнө карабастан мекеме - уюмдардын жетекчилерине, каада-салт боюнча ар бир айылда түзүлгөн комиссиялардын курамдарына, жамаат башчыларына, айылдардын имамдарына, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Алай элине кайрылуудагы маселелердин ырааттуулук менен аткарылышын көзөмөлгө алуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага жүктөлсүн.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |