Загрузка документа…
КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык округунун айылдык кеңеши III чакырылышынын XVIII заседаниеси
2013-жылдын 30-апрели № 18/1
Айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо жумуштарынын жүрүшүндө айыл башчылардын жана жер адистин уюштуруучулук иштери жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөндүгү көрсөтүлсүн, санитардык тазалоо жумуштарынын жүрүшүндө айыл башчылардын жана жер адистин уюштуруучулук иштери начар абалда экендиги белгиленсин.
2. Жогорудагы кетирилген кемчилдиктерди тез аранын ичинде жөнгө салуу айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жана жер адиске тапшырылсын.
Конур-Дөбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Бегматов |