Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-январы №2/4
Инвесторлор менен иштөөчү адиси жөнүндө
2011-жылдын 28-июлундагы Кара-Суу шаар мэриясынын жана ЮСАИД эл аралык уюмунун жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү Программасынын алкагында түзүлгөн меморандумду эске алып, ошондой эле Кара-Суу шаарына чет элдик жана ички инвесторлорду тартуу менен шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иш алып баруу максатында
Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаары боюнча инвесторлор менен иштөөчү адис штаттык бирдиги Кара-Суу шаар мэриясынын алдында ачылсын, 2013-жылдын 1-январынан 31-декбарына чейин, бир жылдык мөөнөткө узартылсын.
2. Кара-Суу шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө (А. Ботояров) Кара-Суу шаар мэриясынын алдында ачылган штаттык бирдикти кармоого кетүүчү чыгымдарды 2013-жылдын 1-январынан камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
М.А.Каримов |