Редакцияот 14.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезексиз IV сессиясынын заседаниеси

 

2013-жылдын 14 марты №4/1

Кара-Суу шаардык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

2011-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана КР Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин 23.01.2013ж. №23 буйругуна ылайык

Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 28.12.2012ж № 1/1 «Кара-Суу шаардык кеңешинин  регламентин бекитүү жөнүндөгү» токтому жокко чыгарылсын.

2. Кара-Суу шаардык кеңеши жаны регламент кабыл алынгандыгына байланыштуу Кара-Суу шаардык кеңешинин регламенти нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3. Ош шаардык жана облустук Юстиция башкармасынан Кара-Суу шаардык кеңешинин регламентин юридикалык жактан кайра каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.

4. Бул токтомдун актарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы (Х. Турдукуловко) тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М.А.Каримов