Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 5/3
Кара-Суу Таза Суу муниципалдык ишканасынын директорун дайындоо жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын 2013-жылдын 16-апрелиндеги фракциянын жыйынынын протоколун ошондой эле Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгүнүн колдоосун эске алып
Кара - Cуу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 1-майынан «Кара-Суу Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директорлугуна Турдукулов Хаятила Мырзахматович дайындалсын.
2. «Кара-Суу Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директорлугуна ММК га (массалык маалымат каражаттары) берилген жарыясын жокко чыгаруу Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн (Рахимов А.).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кара - Суу шаардык кеңешинин торагасынын милдетин аткаруучу |
С.Т.Ахмедов |