Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 5/4
Кара-Суу райондук ЖААК бөлүмүнө жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 3013-жылдын 29-апрелиндеги №182 чыгыш катын, ошондой эле Жер участоктокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын 25.04.2013 жылдын №4 протоколун, Кара-Суу аардык архитектура жана шаар куруу башкармасынын жана Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармасынын корутундуларын эске алып
Кара - Cуу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарында жайгашкан Кара-Суу райондук ЖААК бөлүмүнүн имаратынын Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багы тарабынан бош жаткан 65,0 чарчы метр жер тилкесин имарат куруу үчүн кошуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жана Кара-Суу шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Кара - Суу шаардык кеңешинин торагасынын милдетин аткаруучу |
С.Т.Ахмедов |