Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-апрели № 5/5
Туруктуу комиссияда маселелерди кароо жөнүндө
КСДП фракциясынын депутаты Ниязов Тажибай, Мамадалиев Абылкасымдардын сунушу жана Савай көчөсүнүн жашоочуларынын жана Рахимов орто мектебинин кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап
Кара - Cуу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусу экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында көрүлүп чыгылсын.
2. Рахимов орто мектебинин директорунун кайрылуусу экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында көрүлүп чыгылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара - Суу шаардык кеңешинин торагасынын милдетин аткаруучу |
С.Т.Ахмедов |