Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-февралы № 2/5-2
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жыл 30-ноябрь № 199 токтомуна ылайык аймактык статистиканы онуктуруу максаты жана айыл өкмөтүнүн экономист-статистиканы колдоого алуу жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө экономист-статистиканы орг техника менен камсыз кылуу, алардын квалификациясын жогорулатуу жана бир жолу жүргүзүлүүчү статистикалык изилдөөлөрдү каттоолорду уюшкандыкта өткөрүү боюнча сунушталаган КРнын 2010-жылдын 30-ноябрындагы № 199 токтомунун негизи колдоого алынсын.
2. Жошолу айыл өкмөтү мүмкүнчүлүгүнө жараша райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнө айыл өкмөттүн бюджетинен белгилүү акча каражатын болуп берүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин. Ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |