Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги VIII Сессиясы (III чакырылыш)

 

2013-жылдын 4-июну № 112

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган № 58-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 19-мартындагы № 90-08-6 Ош шаарынын калкына кызмат көрсөтүүнүн тарифин жогорулатып берүү жөнүндөгү катын жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы №15-251 корутундусун карап жана талкуулап, шаардык Кеңештин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 16-майындагы отурумунун № 5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган №58-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар үчүн бир адамга айына - 20 сом;

- жеке менчик секторлордо жашагандар үчүн бир адамга айына - 25сом;

Чарба субьекттери үчүн:

- ташып чыгаруу үчүн 1 куб.метринет - 350 сом;

- жайгаштыргандыгы үчүн 1 куб. метрине - 149 сом.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр- жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы

 

Т. Сабиров