Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 109
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчетун угуу
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун № 19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Кадыров):
- Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №85-токтомунун №1 тиркемесиндеги К1 - функционалдык багыттардын коэффициентиндеги Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл коп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген банктар, акча алмаштыруучу жайлар жана соода түйүндөрүнүн зонасына карабастан бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси 94 сомдон кем эмес болсун, деп көрсөтүлгөн пункттун борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында .же эл көп жайгашкан жерлерде деген жерине өзгөртүүлөрдү киргизип, аймагын, көчөсүн так көрсөтүп, шаардык Кеңештин кароосуна сунуш даярдасын.
-Ленин көчөсүндөгү Ош областтык ички иштер башкармалыгынан баштап, президенттин резиденциясына чейинки, жолдун жээгиндеги мыйзамсыз коюлган камок, контейнерлер жана жолто коюлган жарнак тактайчаларды алуу.
-Шаардын ичиндеги эс алуу бактарындагы (скверлердеги) мыйзамсыз коюлган контейнерлерди алуу милдеттендирилсин.
3. Бул то кто м мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |