Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 108
Ош шаарындагы №41-балдар бакчасынын башчысы Б.Сулайманованын мыйзамсыз иштери жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Б.Эсенбаеванын жана аталган комиссиянын мүчөсү Кадырбек кызы Нуркыздын Ош шаарындагы №41-балдар бакчасынын башчысы Б.Сулаймановайын мыйзамсыз иштери жөнүндө маалыматтары угулуп, Б.Сулайманова тарабынан оз милдеттери так аткарылбай, ишинде коп кемчиликтерге жол койгондугу белгиленген. Маалыматтар боюнча Б.Сулайманова бакчада санитардык-гигиеналык эрежелердин бузулушуна, балдардын тамак-ашынын сапатынын начарлашына жол койгон, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексин бузуп, балдар бакчасында туулган күнүн белгилеп, иш маалында спирт ичимдиктерин ичкен абалда жүргөн. Өз кемчиликтерин жаап-жашыруу максатында бакчаны текшерип барган депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө пара берүү аракеттерин жасаган. Комиссия тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди мойнуна албай, шаардык Кеңештин депутаттарын «сабатсыз» деп мазактап, «депутаттар акча бергендерди менин ордума алып келишет» деп, «Алиби» гезитине депутаттардын аброюнуна шек келтирген буйрутма макала жаздырган. Б.Сулайманова буга чейин дагы мыйзам бузууларга жол коюп келген. 2012-жылы апрель айында №36- «Балакай» балдар бакчасын жетектеп туруп, жалган документтерди жасоо жолу менен финансылык тартипти бузуп, бакчанын эсебиндеги 43 776 сомду өзүнө ыйгарып алган жана бул факт шаардык прокуратура тарабынан аныкталгандан кийин аталган сумманы шаардык билим берүү башкармалыгынын кассасына төгүүгө мажбур болгон. Мындай орой мыйзам бузуу иши үчүн Б.Сулайманова шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес. Тескерисинче №41-Ак-Тилек балдар бакчасынын башчысы кызматына дайындаган.
Г.Эсенбаеванын, Кадырбек кызы Нуркыздын маалыматтарын угуп жана талкуулап, жогоруда белгиленгендерди, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан орой мыйзам бузууларга жол койгондугу үчүн Б.Сулаймановага кескин чараларды көрүү керектиги жөнүндөгү сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) Б.Сулайманованын ээлеген кызмат ордуна ылайктыгы жөнүндөгү маселени карап чыгуу милдеттендирил син.
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |