Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 107
Шаардын мектептериндеги билим берүүнүн сапаты жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Б.Эсенбаеванын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Г.Э.Машрапованын шаардын мектептериндеги билим берүүнүн сапаты жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Б.Эсенбаеванын жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Г.Э.Машрапованын шаардын мектептериндеги билим берүүнүн сапаты жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан (Г.Машрапова) депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрында кабыл алынган №47 - «Шаардын мектептериндеги жана балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө» токтому толук аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) шаардык Кеңештин аталган токтомун толук аткарууну камсыздоо;
- мектептерде билим берүүдө орун алган кемчиликтерди жоюу, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча иш чараларды жүргүзүү;
- мектептерди адистер менен толуктоо жана окуу китептери менен камсыздоо;
- мектептерде тарбиялык сааттардын деңгээлин көтөрүү, окуучуларга мите курттар жана алардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- окуучулардын саны аз болгон кыргыз тилдүү мектептерде орус тилдүү башталгыч класстарды ачуу маселесин карап чыгуу;
- №51 Ак-Тилек мектебин таланттуу балдардын мектебине айландыруу билим сапатын жогорулатуу боюнча шаардык үч жылдык программаны кабыл алуу сунуштарын карап чыгуу;
- мектептердин материалдык-техникалык базаларын чыңдоо боюнча иш чараларды жүргүзүүнү күчөтүү жана бул токтомдун аткарылышынын жыйынтыгын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине билдирүү милдеттендирилсин.
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарында басылып чыксын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
Кол койгондор: |
|
Алимбекова А.К. | Башкы адис-юрист |
Матисакова Б.М. | Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү, адис |
Жолдошева М.Ш. | аткаруучу |