Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июну № 104
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн шаардын тургундарына көрсөткөн кызматтарынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн шаардын тургундарына көрсөткөн кызматтарынын абалы жөнүндө Ош шаарынын жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнүн башчысы С.Жороеванын маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 6-майындагы №4-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнүн шаардын тургундарына көрсөткөн кызматынын абалы жөнүндө бөлүмдүн башчысы С.Жороеванын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнө (С.Жороева):
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндөгү» Жобого ылайык жарандар менен бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосундагы кызматтык этиканын сакталышын;
- жарандык абалдын актыларын каттооо үчүн бөлүмдү керектелүүчү бланкалар, күбөлүктөр жана башка тиешелүү документтер менен талапка ылайык камсыздоо;
- жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча жарандардан алынуучу мамлекеттик алымчалар жөнүндө маалымдаган стенддерди көрүнөө жерге илүү;
- жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди тиешелүү денгээлде жана мыйзам чегинде камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарга «Никеде турат» жана «Никеде турган эмес» деген тактаманы Ош шаардык жарандык абалдын актысын каттоо бөлүмүнөн же Ош облусунун жарандык абалдын актысын каттоо архивинен алуу, ошондой эле архивдик документтердин баарын электрондук түргө өткөрүү боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу кат жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) ждна массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |