Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4 марты № 1
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2013-жылдын 21-февралындагы № 85-08-13 катына суралган жер аянттарын кароо жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жер боюнча убактылуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7,8,18,25 беренелерине таянып, Төлөйкөн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл округунун аймагынан 6,60 га жер аянтын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармасына убактылуу узак мөөнөткө пайдаланууга токтомдун 2,3/2,23-пункттарын эске алуу менен бекитилип берилсин, анын ичинен;
- Озгур айылында жайгашкан «Ош шаардык таза суу» ишканасы пайдаланып жаткан суу алышынын 1,9 га жер аянты жана короо аймагын кенейтүү үчүн кошумча 1,7 га жер аянты.
- Озгур айылынан суу түтүк өтүүчү жердин корук аймагы үчүн 3,0 га жер аянты.
2. Учурда айыл тургундары пайдаланып жаткан суу каналы короо аймагынын ичинде калып жаткандыктан, короо аймагынна жергиликтүү тургундарын кирүүсү чектелгендигине байланыштуу, каналды зарыл учурда тазалоо жана суу алыш башын ремонттоо иштери « Ош шаардык таза суу» ишканасына жүктөлсүн.
3. Транзиттик суу түтүгү өткөн жолдордо курулуш иштери бөткүндүн кийин көчөлөрдүн кайрадан мурунку абалына келтирүү жагы долбоор боюнча сметага киргизилсин.
4. Суралган жер аянтын убактылуу узак мөөнөткө пайдаланууга берүүдө Төлөйкөн айыл округунун Учар, Дыйкан-Кыштак, Жапалак, Төлөйкөн жана Кыргызстан айылдарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы жана жер салыктарын төлөө жактары Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармасынын « Ош шаардык таза суу» ишканасы менен типтүү келишим түзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Төлөйкөн айылдык округунун башчысынын орун басары У. Кадыровго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айылдык Кеңешинин жер комитетине жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |