Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 5-1
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бектүү маселесин айылдык округунун финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын болжолдуу планы жактырылсын.
2. 2013-жылга Төлөйкөн айылдык округунун бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 27550,5 сом суммасында бекитилсин.
3. 2013-жылга Төлөйкөн айылдык округунун бюджетинин кирешелеринин түзүү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар аныкталсын. 2013-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга ( эмгек акы, соц фонд) каржылануусу белгиленсин.
4. Айылдык округдук Кеңешке 2013-жылдын бюджетине берилүүчү максаттык гранттын өлчөмү 18165,5 сом жана бюджетке толуктоо грант 1800,1 сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. 2013-жылга башкаруу аппараттын каржылоосу 3347,0 сом, айыл чарбасына 320,0 соц жардамга 332,0сом, маданиятка 447,0 сом, турак жайга 3210,5 сом, билим берүүгө айылдык округ тарабынан 19894,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. 2012-жылы жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын айрым бөлүмдөрү боюнча каржыланбай калган чыгымдар 2013-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 4-декабрындагы №726 токтомунун негизинде Төлөйкөн айылдык округунун башкаруу аппаратынын жалпы штат бирдиги 34,0 анын ичинен айыл башчы 5 жан тейлөөчү кызматкерлер 4 бекитилсин.
8. Төлөйкөн айылдык округунун бюджетинин сметасынан ашыкча түшкөн бөлүгү толугу менен айылдык округунун эсебинде калтырылып, социалдык объектилерине жумшалары белгиленсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Базаровго жүктөлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |
Даярдаган |
Г. Бердиева |