Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 5-2
Төлөйкөн айылдык округунун аймагында жайгашкан Жаңы-Арык
СПАсынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Төлөйкөн айылдык округунун аймагында жайгашкан Жаңы-Арык СПАсынын айылдык округунун суугарылуучу жерлерине суу жеткирүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү СПАсынын башкы директору Топчубаев Искендердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык округунун аймагында жайгашкан Жаны-Арык СПАсынын аткарып жаткан иштери жалпысынан канааттандыраарлык деп эсептелсин.
2. Төлөйкөн айылдык округунун тургундарынын сууга болгон карыздарын өз убагында жоюу, айыл башчылары менен биргеликте элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ички чарба каналдарын тазалоо иштерин уюштуруу жана мамлекеттик өнүктүрүү фондусунан болгон 1млн 725мин сом карызды жоюу жөнүндө иш-чара иштеп чыгып 2013-жылдын 20-майына чейин аткаруу жагы Жаңы-Арык СПАсынын директоруна жүктөлсүн.
3. Жаны-Арык СПАнын башчысы Топчубаев Искендерге депутаттар жана айылдык округунун тургундары тарабынан айтылган көптөгөн арыз даттанууларды эске алып, акыркы жолу эскертүү берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, агрардык реформа, курулуш, турак-жай, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо турктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |