Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 5-3
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айылдык округунун финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык округунун бюджетине каралган сметанын негизинде: Кыргызстан айылында спорт зал куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүткөрүү үчүн жалпы суммасы 8 643 950 сомдук проектти бүткөрүүгө Төлөйкөн айылдык округунун жергиликтүү бюджетинен 864,395 сомдук акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айылдык округунун башчысы Н. Базаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |