Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 5-5
Төлөйкөн Айыл Округунун Фермердик Кошуундарынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин кароо жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кеңеши айыл округунда түзүлгөн Фермердик Кошуунунун мүчөлөрүнүн 15 март 2013-жылдагы жалпы чогулушунун чечимин карап чыгып жана Кошуун Кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл округунун Фермердик Кошуунунун мүчөлөрүнүн 15 марттагы жалпы чогулушунун негизинде Төлөйкөн Фермердик кошууну жоюлсун.
2. Төлөйкөн Фермердик кошуунун жоюу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү Кошуун Кеңешинин төрагасы Сагынбаев Каныбек жана бухгалтери И. Топчубаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |