Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 5-6
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айылдык округунун финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык округунун бюджетине каралган сметанын негизинде: - мүмкүнчүлүгү чектелген (инвалид) атуулдарга рецептин негизинде дары-дармектер үчүн 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
а) 1,2,3-группадагы (жалпы майып, көзүнөн майып, кулагынан майып, балалыктан майып) атуулдарга - 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө;
б) 18-жашка чейинки майыптарга 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айылдык округунун башчысы Н. Базаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айылдык Кеңешинин социалдык маданий боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |