Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 27 марты № 5-7
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айылдык округунун финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык округунун 2013-жылга каралган сметанын негизинде компьютер менен иштеген жана чектелбеген жумуш убактысы учун аппарат кызматкерлерине эмгек акысына кошумча 25% өлчөмдөгү зыяндуулук төлөнүп берилсин.(№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Төлөйкөн айылдык округунун башчысы Н. Базаровго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |