Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 5/6
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Жумаев Келдибайдын С.Жаанбаев атындагы орто мектебинин айланасындагы убактылуу пайдаланып жаткан 0,40 сотых жерине 2013-жылдын 23-апрелинде түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартып берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн убактылуу айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А. Кариевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылынын тургуну Жумаев Келдибайга мектептин айланасындагы убактылуу пайдаланып жаткан 0,40 сотых жерди 2013-жылдын апрель айынан 2014-жылдын апрель айына чейин убактылуу бир жылдык мөөнөт менен арендага берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык Кеңештин айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |