Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 5/7
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынын тургуну Мадумарова Кимсандын Ак-Ой участкасындагы өзү пайдаланып жүргөн жерди убактылуу мөөнөткө берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн убактылуу айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис А. Кариевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согонду айылынын тургуну Мадумарова Кимсандын Ак-Ой участкасындагы өзү мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жеринин документи жок болгондуктан Алай райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн тийиштүү документтерди алып келгенге чейин Мадумарова Кимсанга көрктөндүрүүгө жана иштетүүгө уруксат берилбесин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык Кеңештин айыл чарба жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |