Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июлу № 114
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин кароо
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жаңы түзүлүүчү комиссиянын резервинин курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жактырылсын (тизме тиркелет).
2. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Иминовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|