Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июлу № 115
Ош шаарынын мэриясына турмуш-тиричилик таштандыларын жайгаштыруу полигонун курууга жана атайын техникаларды сатып алууга грант жана 15 жылдык мөөнөткө кредит алууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2013-жылдын 13-июнундагы №170/08-6-турмуш-тиричилик таштандыларын жайгаштыруу полигонун курууга, таштандыларды ташып чыгуу, полигондо таштандыларды жайгаштыруу үчүн атайын техникаларды сатып алууга 15 жылдык мөөнөткө Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынан 4 млн.евро, Европа инвестициялык банкынан 4 млн.евро кредит түрүндө жана Евросоюз тарабынан 8 млн.евро грант катары, жалпы суммасы 16 млн.евро каражат алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап, Ош шаарынын вице-мэри И.Ражаповдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ош шаарынын мэриясына турмуш-тиричилик таштандыларын жайгаштыруу полигонун курууга жана атайын техникаларды сатып алууга грант жана 15 жылдык мөөнүткө кредит алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каржаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|