Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июлу № 117
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2013-жылдын 14-июнундагы №10 жана18-июнундагы №11-токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2013-жылдын 14-июнундагы отурумунун №10-токтомунун негизинде Ош «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына кайтарымдуу 6500,0 (алты миллион беш жүз миң) сом жана 2013-жылдын 18-июнундагы отурумунун №11-токтомунун негизинде «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын «Мады» суу топтоочу жайын тосмолоо үчүн 200000 сом акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджетте бош акча каражаттары болбогондугуна байланыштуу Ош шаарынын прокуратурасынын Ленин көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу имаратын ремонттоо үчүн 315730 сом акча каражатын бөлүү маселеси канааттандыруусуз калтырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|