Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-июлу № 118
Ош шаарындагы дача жана багбанчылык участкалары жайгашкан 600 га жер тилкелеринин категориясын өзгөртүү жана «Баку» жашоо массивиндеги 85 га жер тилкесинде жайгашкан жеке менчик үйлөрдү шаардын башкы планына киргизүү жөнүндө
Ош областындагы Кара-Суу районунун 600,0 га жери Ош шаарынын администрациялык-аймактык чек арасынын карамагына өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган жерде жайгашкан Эдельвейс, Тюльпан, Горнаяполяна, Вишенка, Чолпон, Төлөйкөн, Алай (Похоронное бюро) дача жана багбанчылык участкаларында курулуп калган дача үйлөрүн жер тилкеси менен бирге категориясын өзгөртүп, мыйзамдаштыруу үчүн, иштелип чыккан башкы пландын негизинде кошумча жер тилкелерин бекитүүнү, ошондой эле №11 «Жибек жолу» аймактык Кеңешиндеги Баку жашоо массивинин 85 га жер тилкесинде жайгашкан жеке менчик үйлөрдү башкы планга киргизип мыйзамдаштыруу жөнүндөгү Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 1-июлундагы 233/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №21-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош областындагы Кара-Суу районунун 600,0 га жери Ош шаарынын администрациялык-аймактык чек арасынын карамагына өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган жерде жайгашкан Эдельвейс, Тюльпан, Горнаяполяна, Вишенка, Чолпон, Төлөйкөн, Алай (Похоронное бюро) дача жана багбанчылык участкаларында курулуп калган дача үйлөрүн жер тилкеси менен бирге категориясын өзгөртүп, мыйзамдаштыруу үчүн иштелип чыккан башкы планды жана кошумча жер тилкелерин бекитүүгө макулдук берилсин.
2. №11 «Жибек жолу» аймактык Кеңешиндеги “Баку” жашоо массивинин 85 га жер тилкесинин иштелип чыккан башкы планын бекитүүгө жана мурда курулуп калган жеке менчик үйлөрдү мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|