Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 13
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 25 млн. 054 миң 500 сомго жана чыгаша бөлүгү 25 млн. 054 миң 500 сомго бекитилсин. ( №1-2 тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн 2014-2015-жылдарга болжолдуу көрсөткүчтөрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 250,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак аш, дары дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандыруга чегерүүлөр) каржылануусу белгиленсин.
5. Айланма кассалык калдык (Оборотный кассовый наличност) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2014-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн 2012-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2013-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
7 Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш маселерди боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |