Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 14
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн “Жайыт комитетинин” 2012-жылы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Жайыт комитетинин» төрагасы Чыбышев Токтогулдун 2012-жылы комитеттин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик «Жайыт комитетинин» 2012-жылы бюджетинин киреше бөлүгү 300,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 187,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |