Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 19
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кара-Шоро” токочулугунун токой башчысы Кудайбердиев Өмөрбектин жаратылышты коргоо жапайы айбанаттарга аң уулоочулукка каршы туруу жөнүндөгү сунуш катын талкуулоо
Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-шайланган 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Шоро” токойчулугунун токой башчысы Кудайбердиев Өмөрбектин жаратылышты коргоо жана жапайы айбанаттарга аң уулоо жөнүндөгү кайрылуу каты эске алынсын.
2. Аң уулоого каршы күрөшүү жана жаратылыштагы жаныбарларды коргоо боюнча 5 (беш) жылдык мөөнөткө мораторий жарыялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин алдындагы аңчылыкты жөнгө салуу департаментинен суралсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин тоо кен, экология тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |