Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 20
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына калган калдык үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча смета кабыл алуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин № 20 токтому жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-март № 11 токтомунда көрсөтүлгөн 2013-жылдын 1-январь айына калган эсептик счетундагы калдык акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Нуралиева Канышайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-шайланган 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына эсептик счетто калган акча каражатына жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилип, чыгаша бөлүгүнүн бюджетине 684,2 миң сомго кошумча смета түзүлсүн. (смета тиркелет).
2. Жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражат эсебинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү раздельдерине өзгөртүү киргизилсин:
-ЖКХ разделинин 2215 статьясына 160,2 миң сомго;
-билим берүү разделинин 2215 статьясына 324,0 миң сомго;
-башкаруу айыл чарба разделинин 2215 статьясына 200,0 миң сомго өзгөртүү киргизилип кошумча смета түзүлсүн. (Сметада каралган суммага аткарыла турган иштер боюнча тиркеме тиркелет).
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражаты өз максатында сарпталуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Нуралиева Канышайга милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |