Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 22
Салам-Алик айылдык кеңеши жана айыл өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актыларды (токтомдорду, буйруктарды, каттарды) мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Салам-Алик айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн аймагында 100 % кыргыз улуту жашайт. Ошондуктан айылдык Кеңешинен жана айыл өкмөтүнүн чыккан чечимдер, токтомдор жана башка ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде жазылуу талабы коюлуп жатат.
Жогорудагыларды эске алып айылдык Кеңешинин 5-чакырылыш 4-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылдык Кеңешинен жана айыл өкмөтүнүн чыккан токтомдор, буйруктар жана башка ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде жазылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдары менен иштөө тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |