Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 23
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы канал тазалоо, көпүрө оңдоо проектилерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана комуналдык менчиктер боюнча башкы адиси Бешимбаев Айтбайдын түзгөн сметасына ылайык жана берген маалыматынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-шайланган 4-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы аткарылуучу иштердин көлөмүнө жараша каралган сметасынын негизинде төмөндөгү акча каражаты бөлүнсүн:
1. Кызыл-Чарба каналын тазалоого 232400-00 сом
2. Ара-Көл каналын тазалоого 40000-00 сом
3. Ара-Көл көпүрөсүнүн суусунун нугун бурууга 50000-00 сом
4. Салам-Алик айылындагы жаңы чектин проектисине 20000-00 сом
5. Архитектурадан ИПЗ жасатууга 8707-00 сом
6. Кызыл-Байрак айылынын проектиси үчүн 20000-00 сом
Бардыгы 371107-00 сом.
(Үч жүз жетимиш бир миң бир жүз жети ) сом.
2. Бөлүнгөн акча каражатын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, финансы, бюджет жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |