Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 35
Ара-Көл айылынын 12-май 2013-жыл жалпы элдик чогулушунун токтомунун негизинде айылдын тургуну, маркум Кудайбердиев Өмөрбектин ысымын айылдын борбордук көчөсүнө ыйгаруу жөнүндөгү маселени кароо жөнүндө
Ара-Көл айылынын 12-май 2013-жыл жалпы элдик чогулушунун токтомунун негизинде айылдын тургуну, маркум Кудайбердие Өмөрбектин айылдын борбордук көчөсүнө ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап Салам-Алик айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылынын 12-май 2013-жыл жалпы элдик чогулушунун токтомунун негизинде айылдын тургуну, маркум Кудайбердиев Өмөрбетин атын Ара-Көл айылынын көчөсүнө ыйгаруу маселеси көпчүлүк депутаттардын сунушу боюнча Ара-Көл айылынын жалпы элдик жыйнынын кароосуна коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык Кеңешинин укук коргоо, мыйзамдуулук, Этика, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдары менен иштөө тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы |
П. Жунусалиев |