Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-майы № 10
Зергер айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетине жана атайын каражатынын бюджетине кошумча каражат кароо жөнүндө
Зергер айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетине жана атайын каражатынын бюджетине кошумча каражат бекитүү боюнча айылдык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы-экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча» туруктуу комиссиясынын киргизген сунуштарын жана айылдык округдун финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Зергер айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айылдык округунун 2013-жылында атайын каражаттын эсебине кошумча түшкөн кирешенин негизинде айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай жана Зергер айылынын ички жолуна шагыл тошоо жана Токтогул айылындагы бала-бакчанын ремонту үчүн атайын каржаттын кошумча кирешенин эсебинен 280,0 миң сом акча каражатын чыгымдоо үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Зергер айылдык Округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн кирешенин эсебинен Аюу, Кутурган жана Алтыбай айылдарынын ички жолдоруна шагыл тошоо үчүн жергиликтүү бюджетине кошумча кирешенин эсебинен 250,0 миң сом акча каражатын чыгымдоо үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин «Бюджет, салык, финансы-экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Зергер айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Козубаев |