Редакцияот 27.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 6-кезексиз заседаниеси

 

2013-жылдын 27-апрели № 6/2

Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин директору Т.Жетимишовдун финансылык каталыктарды кетиргендиги үчүн моралдык укугунун жоктугуна, мектеп жамаатынын жана ата-энелердин арыздарынын негизинде кызматтан четтетүү жөнүндө эсептөө комиссиясынын 2013-жылдын 27-апрелиндеги №1,2,3 протоколдору жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын № 1,2,3 протоколдорун угуп жана талкуулоонун негизинде Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин директору Т.Жетимишов финансылык каталыктарды кетиргендиги үчүн моралдык укугунун жоктугуна, мектеп жамаатынын жана ата-энелердин арыздарынын негизинде кызматтан четтетүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 27-апрелиндеги №1,2,3 протоколдору бекитилсин (протокол тиркелет).

 

Корул айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Маназаров