Редакцияот 15.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин 5-чакырылган кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2013-жылдын 15-апрели № 15

Ар кандай маселелер боюнча

Жазы айылдык кеңешинин депутаттары ар түрдүү маселелер боюнча сын сунуштарды угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жол боюна таштанды таштагандарга 5000 (беш миң) сомдон жазана салынсын анын ичинен таштанды таштагандар боюнча маалымат берген атуулга 1000 (бир миң) сом премия катары берилсин.

2. Жолго ийилип калган жана электр линияларына тийип калган дарактарды кыйбагандар болсо дарактары кыйылып айыл өкмөтүндө жайгашкан бала бакчаларга жана кароосуздарга берилсин.

 

Жазы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Дыйканбаев