Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/1
Жошолу айылдык округуна караштуу жайыт комитетинин 2012-жылга карата аткарган иш абалы жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 2012-жылга карата жайыт комитетинин аткарган иш аракетинин жөнүндө билдирүүсүн угуп талкуулап
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга карата жайыт комитетинин иш абалы жөнүндө Жошолу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын тиешелүү жыйынтыгына ылайык, жайыт комитетинин иш абалы кемчилдиктерди эске алуу менен«канааттандыраарлык» деп баалансын.
2. Кыргыч Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамга ылайык, айылдык округда жайыт комитетинин төрагасы, курамы мыйзам чегинде жайыт комитетинин отурумда кайрадан шайланып, бекитүү үчүн айылдык кеңешке сунушталсын.
З. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун башчысына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин жана көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |