Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/2
Жошолу айылдык округунда жазгы талаа иштеринин аткарылышы, кайра бөлүштүрүү фондунун жер жеринин ижарага берилиши ижара төлөмдөрү боюнча айылдык кеңештин жер саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин жер саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевдин 2012-жылга карата аткарган иш абалы анын аткарган иштеринин кемчилдиктерин эске алуу менен "канааттандыраарлык" экендиги белгиленсин.
2. Айылдык округунун жер адиси М.Топчубаевдин иш белгиси талапка жооп бербей жаткандыгын эске алым, жалпы депутаттардын колдоосуна ылайык ага 3(үч) айлык мөөнөттө сыноо коюлсун.
3. Айылдык округунун жер адиси М.Топчубаев 3 айлык сыноо учурунда кетирген кемчиликтерди жое албаса же өз милдетин так аткарууга жетишпесе иш ордунан четтетүү маселеси каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешке жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |