Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/3-1
Жайкы сезон башталгандыгына байланыштуу Жошолу айыл округунун аймагындагы элди белгиленген убакта жайлоого көчүрүү жана жайытты туура пайдалануу жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элди жайкы жайлоого көчүрүү Жошолу айыл округунда белгиленген мөөнөткө уюштурулсун.
2. Жайлоо территориялары аймактагы элдин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу чектеш жайгашкан округдар менен келишим түзүлүп, туура бөлүштүрүлсүн.
3. Жайкы жайлоо убактысы элди көчүрүү 5-майдан 15-майга чейин, көчүп келүү 20-сентябрдан кем эмес деп белгиленсин.
4. Жайыттарды туура пайдалануу жана чөп орунду аймакгы, айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген эгинди жедирбей сактоо максатында тийиштүү жайлоо участкаларында кароолдор уюштурулсун.
5. Чөп чабынды участкаларды, себилген айыл чарба өсүмдүктөрдү, себилген айдоо аянттарды себепсиз малга тебелетсе, жыйналып турган айыл чарба түшүмүн бузуу же жок кылуу тургузулган өсүмдүктөргө менчиинин формасына карабай мал же канаттуулар тарабынан зыян келтирилсе административдик жаза алынсын.
6. Административдик жаза төмөндөгүдөй белгиленсин:
а) Жайлоого өз убагында көчпөй же тушум жыйнала электе белгиленген графикти сактабаса же чөп чабынды участканы, себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн, айдоо аянтты эскертүүлөргө карабай тебелетсе, АЖЖКнын 185-186 беренесинин негизинде 5000 (беш) сом өлчөмүндө административдик жаза алынсын.
б). Элди жайкы жайлоого көчүрүүдөн кийин эгин талаасын, чөп чабынды участкаларды. эгилген айл чарба өсүмдүктөрдү ат жана майда малдард бош койо берип эскертүүлөргө карабай зыян келтирсе бодо мал үчүн 300 сомдон 500 сомго чейин ал эми жандыкка (кой, эчкиге) 100 сомдон 300 сомго чейин жазана салынсын.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |