Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/3-3
Жошолу айыл өкмөтүндөгү AKTED REACH картографиялык инструментти пайдаланууну үйрөнүү боюнча кичи долбоордук сунуштар жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV заседаниеси AKTED REACH картографиялык инструментти пайдаланууну үйрөнүү боюнча жазылган кичи долбоордук сунуштарды карап чыгып, долбоордук сунуштарга
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу жазылган кичи долбоордук сунуштар жактырылсын.
2. Жазылган кичи долбоордук сунуштар боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Абдырахмановго жана жумушчу топко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин "Жер жана агрардык өнүктүрүү комиссиясына жүктөлсүн
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |