Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 5/1
Жошолу айылдык округуна караштуу “Пакиза суу” ИСКАКБ сынын 2012-ж аткарылган иштери боюнча жалпы элдик жыйынында ИСКАКБнын төрагасынын отчетун бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык округунун кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округуна караштуу “Пакиза суу” ИСКАКБ сынын 2012-жылдагы аткарылган иштери боюнча жалпы элдик жыйынында берген маалыматы (отчету) жактырылсын.
2. 13-февраль 2013-жылдагы “Пакиза суу” элдик жыйынында № 1 протоколу бекитилсин.
3. Жалпы элдик жыйында сунушталган таза суу боюнча тарифтик өлчөм, айылдык округдун чарба китепте катталган ар бир жанга айына 12 сомдон бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Пакиза суу” ИСКАКБ нын төрагасы А.Иманахуновго жана айылдык кеңешке жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |