Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 5/2
Жошолу айыл өкмөтүндө кургак учук менен ооруп, каттоодо турган атуулдарга КРнын өкмөтүнүн токтомуна ылайык социалдык жактан камкордук көрүп туруусу боюнча
Жошолу айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын көрүтүндүсүн угуп, талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагында кургак учук менен ооруп, каттоодо турган атуулдарга мыйзам талабына ылайык айыл өкмөтү жана тийиштүү мекемелер аларга социалдык жактан камкордук көрсөтүп туруу жагы белгиленсин.
2. КРнын өкмөтүнүн кургак учук менен ооруган атуулдарга өз учурунда жардам көрсөтүү менен камкордук кылуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында каттоодо турган атуулдар ден-соолугун чындап туруу боюнча кайрылган учурда айыл өкмөтү мыйзам чегинде тийиштүү (финансылык) жардам көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана медицина кызматкерлерге милдеттендирилсин.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |