Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 5/2-1
Жошолу айыл өкмөтүндө каттоодо туруп, шайлоочулардын негизги тизмесинде (базасында) өздүк маалыматында жок болгондугуна байланыштуу ал шайлоочуну негизги тизмеден чыгарып туруу жөнүндө
Жошолу айылдык кеңеши АШКнын сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө каттоодо туруп, шайлоочулардын негизги тизмесинде (базасында) ошол шайлоочулардын өздүк маалыматтары жок болгондугуна байланыштуу убактылуу шайлоочулардын негизги тизмесинен чыгарылсын.
2. КРнын борбордук шайлоо комиссиясынын референдум жана шайлоолорду өткөрүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүндө каттоодо турган жаран өз арызынын негизинде тизмеге киргизилери белгиленсин.
3. Түрүнө карабай ар кандай шайлоолор өткөрүлүүгө чейин шайлоочулардын өздүк маалыматтарын тактап, райондун АШК менен тыгыз иш алып баруу жагы эл башчыларга жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |