Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытында эмес,тамарка жана 1-2-3-топтогу мүлк ) жер жана мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 10-январындагы катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык Кодексини ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык, айылдык округунун аймагында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытында эмес, тамарка жана 1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгын киргизүү маселесин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын салык Кодексини ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3- беренесинин талаптарына ылайык айылдык округунун аймагында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытында эмес, тамарка жана 1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгы 2012-жылдан баштап киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Ноокат айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Худайназаров |