Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели № 3
Жаңы-Ноокат айылдык округдун аймагында 2005-жылдын бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттөн өткөрүлгөн социалдык объектилерди жана ири суммада алынган негизги каражаттарды кириштелиши жөнүндө
2005-жылдан бери Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттөн өткөрүлгөн социалдык объектилерди жана ири суммада алынган негизги каражаттарды кириштелиши боюнча аткарылган жумуштарды карап чыгып жана талкулап депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округдун аймагында 2005-жылдын бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттөн өткөрүлгөн социалдык объектилерди жана ири суммада алынган негизги каражаттарды кириштелиши боюнча айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштер эске алынсын.
2. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган, же капиталдык ремонттөн өткөрүлгөн социалдык объектилерди жана ири суммада алынган негизги каражаттарды өз багыты боюнча пайдалануу жана аларды сакталышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүна жана экономика-финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Худайназаров |