Редакцияот 14.05.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (төртүнчү чакырылышы) кезектен тышкаркы XIX сессиясынын заседанияси

 

2012-жылдын 14-майы № 1

Жаңы-Ноокат айылындагы мурдагы Малыш балдар бакчасын курулуш имаратын айыл өкмөттүн эсебине сатып алуу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал айылында уюштурулган дыйкан чарбалардын эсебиндеги мурдагы «Малыш» балдар бакчасын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сатып алуу боюнча дыйкан чарбалардын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп, сатып алуу боюнча алдын ала макулдашуулврды угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан билдирилген сунуштардын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Катта-Тал  айылындагы дыйкан чарбалардын эсебиндеги мурдагы «Малыш» балдар бакчасын курулуш имараты 0.42 га жер аянты менен келишим баада 8.5 млн.сомго Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн балансасына сатып алынсын.

2. Ушул сатып алынган бала бакча курулуш имаратын акчасын төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Худайназаров