Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июлу № 1
2012-жылдын июнь айларында болгон табигий кырсык селдин натыйжасында жапа тарткан айыл чарба эгиндери боюнча түзүлгөн акттар жөнүндө
2012-жылдын 9-июнь күнү болгон табигый кырсык селдин кесепетинен жапа тарткан 4.81 га сугат айдоо үлүш жердеги, 2.98 га сугат айдоо кайра бөлүштүрүү фонд жердеги айыл чарба эгиндери боюнча, 2012-жылдын 19- июнундагы 2012-жылдын жазында кайра бөлүштүрүү фонд жерлерине жаздык буудай деп күздүк будай эгилгендиги боюнча түзүлгөн актини, 2012-жылдын 25- июнь күнү болгон табигый кырсыктын кесепетинен жапа тарткан сугат айдоо үлүш жериндеги 41.40 га, сугат айдоо жердеги айыл чарба эгиндери боюнча, кайра бөлүштүрүү фонд жериндеги 5.40 га айыл чарба эгиндери боюнча жана 2012-жылдын 23-июнь күнү болгон табигий кырсык селдин кесепетинин жапа тарткан 2.20 га тамарка участоктордогу айыл чарба эгиндери боюнча бардыгы болуп үлүш сугат айдоо 46.21 га жердеги, сугат айдоо кайра бөлүштүрүү фонд жериндеги 2.98 га га жердеги, кайрак айдоо жердеги 29.30 га 2.20 га тамарка участка жердеги айыл чарба эгиндери боюнча түзүлгөн актиларди карап чыгып ал жерлердеги айыл чарба эгиндери 100 процент пайдаланууга жараксы абалга келип калгандыгына байланыштүү дыйкандарга маралдык жана финансалык жардам көрсөтүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын жаз айларында болгон табигий кырсык жана селдин натыйжасында бардыгы болуп 46.21 га үлүш жердеги, 37.68 га кайра бөлүштүрүү фонд жериндеги 2.20 га тамарка жериндеги жапа тарткан 100 процент айыл чарба эгиндери боюнча түзүлгөн актилардын негизинде (түзүлгөн актилардын копияси тиркелет) жер салыгынан жана социалдык фонд төлөмөсүнөн бошотулсун.
2. Табигый кырсык жана селдин кесепетинен жапа тарткан 100 % айыл чарба эгиндери үчүн жер салыгынан жана социалдык фонд төлөмөсүнөн бошотуу боюнча ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Худайназаров |